Курс НБ на 22.01.2020 $69,7000 €77,3008

​Футбол: Жакшы эле ойнодук, бирок утулдук

Спорт
15 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
63
Көптөн бери күттүргөн Кыргызстан-Япония таймашынан көп суроолорго жооп алдык. “Самурайлардын” күчүн, тажрыйбасын көрдүк. Биздин “Ак шумкарлар” жаңыдан жетилип келе жатканына дагы бир жолу ынандык. Башкы машыктыруучубуз А. Крестинин деле өзү таптаган командасынын көрсөткөн оюнуна ыраазы болгону менен жыйынтыгына (эсебине) канаатанбаганын белгилеп кетти. Кыргызстан курамасы кандай ойногонун көрдүк. Теңтайлаша ойнодук, болгону мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албадык. Япондор бизди жеңип 12 упай топтоо менен алдыга озуп кетти. 2-орунду Кыргызстан менен Тажикстан талашаары мурда эле белгилүү болчу. Кыргызстан Японияга, Тажикстан Мьянмага утулуп 6дан упайларын сактап 2-3-орундарда турушат. Эми 19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан-Тажикстан таймашын күтөбүз. Эки өлкөнүн командаларынын кимиси утса, 2-орун үчүн негизги талапкер болуп калат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу