Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

​Футбол: Кыргызстан-Мьянма

Спорт
10 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
37
Футболдон 2022-жылы Катарда өтчү дүйнө жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия биринчилигине тандап алуу оюндарынын 2-баскычындагы 3-турдагы оюндар бүгүн башталат. Биринчи оюнду Кыргызстан 5-сентябрда Душанбе шаарында Тажикстан курамасы менен өткөрүп, талаа ээлерине 1:0 эсебинде утулуп кайтканбыз. 2-турда Кыргызстан эс алды. Тажикстан болсо 10-сентябрда Монголияда монголдорду утуп кайтты 0:1. Бүгүн биздин топто Кыргызстан-Мьянма, Япония- Монголия беттешүүлөрү өтөт. Тажикстан эс алат.
Бүгүнкү күнгө карата Тажикстандын 6, Япония менен Монголиянын3төн упайлары бар. Кыргызстан менен Мьянманын азырынча бир да упайлары жок. Ошондуктан Кыргызстан бүгүн Мьянма курамасын утуп алгачкы 3 упайды алуусу зарыл. 15-октябрда Кыргызстан Монголияда монголдорго каршы ойнойт. Бүгүнкү оюн борборубуздагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы аренада саат 20.30да башталат. Кыргызстан курамасы Мьянма менен буга чейин 3 ирет ойногон:
2014-жыл Кыргызстан-Мьянма – 1:0;
2017-жыл Мьянма-Кыргызстан – 2:2;
2018-жыл Кыргызстан Мьянма – 5:1;
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу