Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Футбол: Кыргызстан Токио олимпиадасына катышпайт

Спорт
27 - Март 2019
www.erkintoo.kg
147
Футболдон Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы 2020-жылкы Токио олимпиадасына катыша албайт. Себеби 23 жашка чейинки жигиттер командабыз (олимпиадачыларыбыз) олимпиадага катышууга укук (жолдомо) берчү Азия биринчилигине карата өткөн тандап алуу оюндарында утулуп калышты. Азия биринчилиги 2020-жылы январь айында Таиландда өтөт. Азиялыктар 11 топко бөлүнүп алышып ойношту. Кыргызстан «Е» тобунда Кувейтте ойноду. Талаа ээлеринен сырткары биздин топто Иордания менен Сирия топ талашты. Биринчи турда, 22-мартта биздин жаштар Сирияга 2:0 эсебинде утулушту. 24-март күнү Иордания-Кыргызстан беттешүүсүндө 3:0 эсеби катталды. Кечээ Кувейт-Кыргызстан таймашы 3:2 менен талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Таиландда өтчү Азия биринчилигини мааниси чоң болчу. 11 топтогу командалардын жеңүүчүлөрү жана дагы көрсөткүчтөрү мыкты болгон 4 команда Азия биринчилигине жолдомо алышмак. Ал эми Азияда алдыңкы болгон 3 командага Токиого жолдомо берилмек. Эгерде бул үчилтикке Япония кошулуп калса анда Азиядан 4 команда катышып калат. Кыргызстан болсо Кувейттеги 3 оюндан соң бир да упай топтой албай үйүнө кайтты. Демек, жакынкы резерв катары эсептелген жаштарыбыздын даремети жакшы эмес. Себеби Кыргызстан курамасы үчүн 18 жаштан баштап ойноого болот. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.