Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Футбол: Ким чемпион болот?

Спорт
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
493
Футболдон быйылкы жылдын чемпиону ким болот? Футбол күйөрмандарын мына ушул суроо кызыктырып турган кези. Кечээ чемпиондукка талапкер командалар өз атаандаштарын ишенимдүү утушуп, турнир жадыбалында куйрук улай келишүүдө. “Алай” (Ош) Кара-Балта командасын 5:0 эсебинде утса, “Дордой” турнирдин аутсайдери “Алдиер” командасын 13:0 менен талкалады. Бүгүнкү күнгө карата “Алайдын” 42, “Дордойдун” 40, “Алганын” 39 упайы бар. Чечүүчү, чемпиондукту аныктоочу оюндар 29-октябрь күнү өтөт. “Алай” “Абдыш-Атаны” кабыл алса “Дордой”  “Алга” менен ойнойт.  “Алай” чемпион болуусу үчүн тең чыгуусу жетиштүү. 3-орунда келе жаткан “Алга” да оңой менен “Дордойго” утулгусу келбейт. “Абдыш-Ата” жакында эле “Дордой” менен тең чыкканы белгилүү. Бирок Кант шаарынын клубу быйыл 4-орундан ары көтөрүлө албайт. Себеби алардын 22 эле упайы бар.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.