
Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

Футбол: «Дордой» - «Илбирс» 6:1
Футболдон Кыргызстандын быйылкы жылкы биринчилиги расмий түрдө 14-мартта старт алды. Мурда белгиленгендей быйыл 9 команда ойноодо. 14-март күнү Кант Шаарынын «Абдыш-Ата» клубу өз талаасында «Кара-Балта» клубун кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти. Ош шаарындагы жаңыдан уюштурулган «Каганат» - «Алга» (Бишкек) беттешүүсүндө эсеп ачылган жок – 0:0. Ысык-Көлдүн «Лидер» жана Кочкор-Атанын «Нефтчи» таймашында коноктор утуп кетти – 0-1. Бишкектин «Дордой» жана «Илбирс» командаларынын ортосундагы оюнда «Дордой» ири эсепте - 6:1 менен жеңип көч башында келет. Биринчи турда «Алай» (Ош) эс алды. Экинчи турдагы оюндар 20-21-мартта өтөт. (АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек