Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

Футбол: 96-орунду сактап калдык

Спорт
30 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
86
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) улуттук курама командалардын бедел-рейтингин жарыялады. Кыргызстан 1240 упай менен өткөн айдагы көрсөткүчүн – 96 орунду сактап калды. Эске салсак упайлар эл аралык беттешүүлөрдүн жыйынтыгына жараша берилет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан курамасы быйыл бир да жолу оюн өткөргөн жок. КМШ кыйырында Украина, Россия, Өзбекстан, Беларусь, Грузиядан кийин 6-орундабыз. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу