Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

​ФИФА жана Джанни Инфантино

Спорт
06 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
125
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезексиз конгресси 5-июнда Парижде өттү. Күн тартибинде аталган уюмдун президентин шайлоо ж.б. маселелер каралды. Бул шайлоо ФИФАнын тарыхында өзгөчө окуя катары катталды. Себеби президенттикке жалгыз талапкер катары азыркы аракеттеги президент – Джанни Инфантино көрсөтүлүп, делегаттар мурдагыдай добуш берүү менен эмес кол чабуулар аркылуу колдошоорун билдиришип шайлап коюшту. Шайлоонун өзгөчөлүгү мына ушунда болду.
49 жаштагы Швейцариянын жана Италиянын жараны болуп эсептелген Д. Инфантино кесиби боюнча юрист. 4 баланын атасы. 2016-жылы 26-февралда ФИФАнын 9-президенти болуп шайланган. 5-июнда 2-мөөнөткө шайланып, 2023-жылга чейин аталган уюмду башкармай болду. Д.Инфантино жаңыдан дайындалганда ФИФАнын бюджети 5 миллиард долларды түзсө, бүгүн 6,4 миллиард долларга жетти. Ал кызматка келген соң 2017-жылы футболдон дүйнөлүк биринчиликке мурдагыдай 32 эмес 48 команда катышуусун сунуш кылган. Бул сунуш ФИФА тарабынан колдоо тапкан бирок, бул формат 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтчү биринчиликтен тарта колдонулаары айтылып келет. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.