Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Экс-министр Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Спорт
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
458
Экс-министр кыргызстандык Мелис Турганбаев Польшада ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту.
Чемпионат 7-октябрда Валбжих шаарында башталган. КР ИИМдин экс-жетекчиси жана КРнын спорттук күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев 8-октябрда 51-55 жаш категорияда 76 кг чейинки салмактагылар арасында таймашка чыкты.
Турнирдин баштапкы кармашында Турганбаев түркиялык Сафир Коянды жеңип, жарым финалга чыкты. Анда япониялык Томацу Какефудага жеңилүүгө дуушар болду.
Коло үчүн болгон мелдеште польшалык Сильвестр Петр Сзымански менен килем үстүндө жолугушуп, Турганбаев 11:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти.
Аталган салмактагылар арасындагы жыйынтык протоколдо М.Турганбаев 3-орунду ээлеп, коло медалды тагынды.
Ал эми кыргызстандык дагы бир спортчу Чынарбек Изабеков 46-50 жаш категориядагы 97 кг чейинки спортчулар арасында чемпион болду.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.