
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Египетте 74 жаштагы футболчу бар
Египет өлкөсүнүн 74 жаштагы тургуну Элдин Бахдер дүйнөдөгү эң картаң, карыя кесипкөй оюнчу катары эсептелет. Ал футболдон Египеттин 3-дивизионунда ойногон «6-октябрь» клубунун оюнчусу. BBC News бул маалыматты таратуу менен карыянын буга чейинки ойногон клубдары жөнүндө толук маалымат берген эмес. Э. Бахдер менен Египет футбол ассоциациясы Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрүн өлкөгө чакырышты. Алар келишип египеттик 74 жаштагы аксакалды жаш курагы боюнча эң картаң оюнчу катары каттоого алышат. (АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек