Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

​Эден Азар тааныткан футболдук үй-бүлө

Спорт
10 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
73
Бельгиядагы футболдук династия жөнүндө сөз кылууга жаңыдан эле «Реал» клубуна ойноого өткөн футбол жылдызы атала баштаган Эден Азар түрткү болду. Э. Азар 28 жашта. 2012-жылдан бери «Челси» клубу үчүн 245 оюн өткөрдү. 15 жашынан тарта Бельгия курамасы үчүн ойнойт. 2008-жылдан чоңдор курамасы үчүн  бүгүнкү күнгө карата 100 оюн өткөрүп 30 гол жараткан.
Үй-бүлөнүн атасы – Тьерри Азар азыркыга чейин футбол ойнойт. Азыр футболдук менеджер катары балдарынын ишин алып барат.
Апасы Карин Азар бельгия курамасында чабуул линиясында ойногон.
Торган Азар 26 жашта Германиянын «Боруссия» Дортмунд клубунда ойнойт.
Кильян Азар 23 жашта «Челсиден» Бельгиянын «Серкль Брюгге» клубуна өттү.
Этан Азар 15 жашта Бельгиянын «Тюбиз» клубунда ойноодо. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу