Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

​“Дордой” жеңишти “Алайга” алдырып койду

Спорт
20 - Май 2019
www.erkintoo.kg
223
18-19-май күндөрү футболдон Кыргызстандын биринчилигинде 7-турдагы оюндар болуп өттү. Күйөрмандар кызыгып күткөн “Дордой” – “Алай” таймашы борборубуздагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы аренада орун алды. Эски атаандаштардын таймашы  3:4 эсебинде “Алайдын” жеңиши менен аяктады. Бул оюндан соң эки команда тең 16дан упайга ээ болушуп көч баштап келишүүдө. 3-орундагы “Илбирстин” 13 упайы бар.
Калган оюндардын жыйынтыктары:
“Нефтчи” -“Абдыш-Ата” – 0:2;
“Кара-Балта” – “Академия-Лидер” – 1:0;
“Илбирс” – “Алга” – 2:1;
Кийинки турдагы оюндар 25 26-май күндөрү өтөт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.