Курс НБ на 15.07.2020 $77,5098 €87,9814

«Дордой» утулду

Спорт
20 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
195
АФК Кубогунун алкагында кечээ 5-турдагы оюндар болуп өттү. Биздин чемпион «Дордой», Түркмөнстандын чемпиону «Алтын-Асыр» менен Ашхабад шаарында ойноп утулуп кайтты. Талаа ээлери «Дордойдун дарбазасына 3 топ тоголотушту. «Дордой» араң бир топ менен жооп берди. 5 оюндан кийин 9 упай топтогон «Алтын-Асыр» көч баштап 1-орунга чыкты. Тажикстандын чемпиону «Истиклол» Худжанд шаарында жергиликтүү «Худжанд» менен ойноп 2:3 эсебинде жеңилип кайтты. Бул эки клуб тең 7ден упай топтошту. «Дордой» 4 упай менен акыркы орунда калды. Жыйынтыктоочу 6-тур 26-июнда өтөт. «Дордой» «Худжанд» клубун кабыл алат. «Истиклол» «Алтын-Асыр» менен ойнойт. Кийинки айлампага ким чыгаарын 26-июнда билебиз. «Дордой» утса да утулса да акыркы орундан көтөрүлө албай калды. Жолдомо болсо бирөө эле. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.