Курс НБ на 23.08.2019 $69,7882 €77,2311

“Дордой” 3-орунга көтөрүлдү

Спорт
27 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
65
АФК Кубогунун алкагында Борбор Азиянын клубдары ойногон “Д” тобундагы оюндар кечээ түндө жыйынтыкталды. Быйыл 3-апрелде башталган турнирдин жыйынтыгы 26-июнда чыгаарын эч ким күткөн эмес. “Дордой” 6 оюнда 7 упай топтоп 3-орунду ээледи. Биздин чемпион кечээ Тажикстандын “Худжанд” клубун кабыл алып 3:0 менен утуусу 3-орунга алып чыкты. Кийинки айлампада ойноого уруксат берүүчү жолдомонун тагдыры былтыркыдай эле быйыл да Душанбе шаарынын “Истиклол” жана Түркмөнстандын “Алтын-Асыр” клубдарынын ортосунда өттү. Тажикстандын чемпиону “Истиклолго” жеңиш керек болчу. “Алтын-Асырга” тең чыгуу жетиштүү болгондуктан 1:1 эсебинде жыйынтыкталган оюн түркмөндөрдүн пайдасына чечилди. Былтыр да “Алтын-Асыр” “Истиклолду” жеңип жолдомону алып кеткен. “Алтын-Асыр” 10, “Истиклол” 8, “Дордой” менен “Худжанд” 7ден упай топтошту. Топтордун айырмасы боюнча “Дордой” 3-орунга көтөрүлдү. (АЖ)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу