Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

​Дүйнөлүк биринчиликте 48 эмес, 32 команда ойнойт

Спорт
23 - Май 2019
www.erkintoo.kg
115
Бүгүнкү күнгө чейин футбол күйөрмандары 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтчү дүйнөлүк биринчиликте мурдагыдай 32 эмес 48 команда ойнойт деп сүйүнүп келишкен. Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА)  басма сөз кызматы Катарда 48 эмес мурдагыдай эле 32 команданы калтыруу чечимине келгенин билдирди. Командалар көбөйсө кошумча оюндарды өткөрүү үчүн Катарга коңшулаш Кувейт менен Оман да талапкер өлкөлөр катары каралган болчу. Бирок Оман дүйнөлүк биринчиликтин оюндарын өткөрүүгө кызыкдар эмес экендигин  билдирген. Эми ФИФАнын кезектеги жыйыны 5-июнда өтөт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.