Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

​Давид Юрченко Армениянын желегин көтөрөт

Спорт
02 - Март 2020
www.erkintoo.kg
168
Быйыл Казакстандын «Шахтер» (Караганда) клубунун дарбазасын коргоого өткөн Давид Юрченко 33 жашта. 1986-жылы Ашхабад шаарында туулган. Буга чейин Россия, Латвия, Беларусь өлкөлөрүнүн ар кайсы клубдарында ойногон. Армения футбол федерациясы менен түзүлгөн келишимге ылайык Юрченко Армения курамасынын намысын коргоого макулдугун берди. Бул дарбазачыны мурда Түркмөнстан курамасы да чакырган, бирок оюнчу Россия үчүн ойногусу келээрин билдирип баш тарткан. Азыр Арменияга аттанганынын себеби Давид Юрченконун апасы армян кызы болгондугунда. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.