Курс НБ на 17.09.2019 $69,8099 €77,2028

​Дарбазачы Павел Матяш

Спорт
11 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
70
Футболдон Кыргызстан улуттук курама командасынын мүчөсү, дарбазачы Павел Матяш бүгүн 32 жашка толду. Профессионалдык карьерасын «Дордой» клубунан баштаган. «Абдыш-Ата» жана «Алга» клубдарында да ойногон. Мальдив Республикасынын «Мазия»,  Малайзиянын ЮиТМ, Өзбекстандын АГМК клубдарында да ойноп келген. 2006-2010-жылдары 23 жашка чейинки Кыргызстан жаштар курамасынын, 2009-жылдан тарта улутттук курама команданын башкы дарбазачыларынын бири. Быйыл январь айында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия биринчилигинде Кыргызстан-Кытай беттешинде өтө копол ойноп өз дарбазасына өзү топ өткөрүп жиберген (автогол) биринчи оюнчу катары катталып калды. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу