Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

​Даңазалуу дарбазачы Ринат Дасаев

Спорт
13 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
202
Москванын “Спартак” футболдук клубунда 10 жыл ойногон, СССР курамасынын намысын 11 жыл коргогон татар жигити Ринат Дасаев бүгүн 62 жашка чыкты. Үч жыл Испаниянын “Севилья” клубунда ойноо менен машыктыруучулукка өткөн. Ринат Файзрахманович Астрахань шаарында туулган. Мусульман жигити катары өтө ырымчыл. Үйүнө киргенде, чыкканда алгач оң бут менен аттаарын, бут кийим кийгенде да оң буттан баштаарын айтып келет. СССРде советтик идеология күчөп турган кезде деле коркпой-үркпөй мечитке суранып барып турган. Басса турса колунан куран китебин түшүрбөй келет. Оюн учурунда куран китебин кичинекей сумкасына салып дарбазанын бир бурчуна коюп келген. Испанияда ойноп жүрүп бире ирет куран китебин уурдатып да алган. Учурда экинчи жубайы испан кызы менен жашайт. 4 кыз 2 уулдун атасы. Балдарына да мусулманча ысым берүүгө аракеттенген. Эльмира, Алия, Салим. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.