Курс НБ на 02.04.2020 $82,2000 €90,0665

​Чемпиондор лигасы: «Ливерпуль» оюндан чыгып калды

Спорт
13 - Март 2020
www.erkintoo.kg
33
УЕФАнын чемпиондор лигасында, 1/8 финалдык оюнда күтүүсүз окуя катталды. Өткөн жылы чемпиондор лигасы менен Суперкубокту уткан Англиянын «Ливерпуль» клубу 11-март күнү өз талаасында Испаниянын «Атлетико» клубун кабыл алып, 2:3 эсебинде утулуу менен оюндан чыгып калды. Биринчи оюнда 18-февралда Испанияда «Атлетико» 1:0 менен жеңишке жетишкен болчу. Эки оюндун жыйынтыгы боюнча «Атлетико» кийинки айлампага өттү. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу