Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Чабуул, гол, сүрөөн жана ураа Кыргызстан!

Спорт
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
423
 Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу Түркмөнстандын командасын утуп алды. Оюн 11-октябрь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
 Кыргыз командасынын жеңиш алып келген голу  күйөрмандардын кубанычына толду.  Бир топ курч мүнөздө өткөн беттештин биринчи таймы 0:0 эсебинде аяктаса, экинчи бөлүктө кыргызстандык оюнчу Темирлан Козубаев гол киргизип эсепти ачты. Натыйжада оюн 1:0 эсеби менен кыргызстандыктардын пайдасына чечилди. Ал эми стадионго келген күйөрмандар оюнчуларды сүрөп, демине дем кошуп турушту.  Бул КР командасынын быйылкы жылы өз талаасында өткөргөн акыркы оюну болуп саналат.
Асел Барыктабасова

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.