Курс НБ на 21.01.2021 $84,5260 €102,5512

​CAFA-2020: Иран жеңүүчү, Өзбекстан экинчи...

Спорт
29 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
167
Душанбе шаарында Борбор Азия футбол ассоциациясы уюштурган кичи футболдук турнир бүгүн жыйынтыкталат. 24-январда башталган турнирге 6 өлкөнүн 19 жашка чейинки кыздар курама командалары катышууда. Кечээ, 4-турдагы оюнда Кыргызстан Түркмөнстанга утулуп калды – 1:2. Ооганстан менен Тажикстан 3:3 эсебинде тең чыкты. Турнирдин лидери Иран бул ирет Өзбекстанды 7:1 менен жеңип алып, 4 оюнда 12 упай топтоп 1 –орунду камсыз кылып койду. 9 упайы бар Өзбекстан 2-орунду ээлейт. Биздин кыздар Түркмөнстанды утканда 3-орунду ээлешмек. Бүгүн биздин кыздар Иранга каршы ойнойт. Түркмөнстан болсо Ооганстанды утса 3-орунга көтөрүлөт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.