
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Бокс тарыхында калган Мухаммед Али
Америкалык кесипкөй мушкер Мухаммед Али туулган күн (17.01.1942). Туулгандагы аты-жөнү - Кассиус Марселлус Клей. 1964-жылы ислам динин кабыл алып, Мухаммед Али деген ысымга ээ болгон. 1960-жылы Римде өткөн олимпиадада жарым оор салмакта (81кг) чемпион болгон. Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Бокска байланыштуу болгон бардык сыйлыктарды алууга жетишкен. 20 жыл бою рингде жүргөн мушкер 61 беттешүүнүн 56сын уткан (37 нокаут), 5 ирет жеңилүү ызасын тарткан. 1981-жылы 11-декабрда соңку беттешин өткөргөн. 2016-жылы 3-июнда 74 жашында паркинсон ооруусунан улам дүйнө салган. (АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек