Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Бишкекте бильярд боюнча дүйнөлүк биринчилик өтүүдө

Спорт
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
418
Бильярддын «динамикалуу пирамида» түрү боюнча дүйнөлүк биринчилик 25-октябрда башталды. Мелдеш борборубуздагы «Арча-Бешик» жаңы конушуна  Россиянын «Газпром» ишканасы тарабынан жаңыдан салынган ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Бильярдчылардын мелдешине дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн келишкен чеберлер катышууда. Мелдештин байге кору 30 миң долларды түзөт. 1-орунга 8, 2-орунга 5, 3-орунга 3 миң доллар берилет. Калган сумма турнирдин эрежесине ылайык 16-орунга чейин бөлүштүрүлөт.
Бильярд боюнча дүйнөлүк биринчилик Кыргызстанда үчүнчү ирет өтүп жатат. Алгач Бишкекте 2012-жылы өтсө, 2014-жылы Чолпон-Атада өткөн.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.