Курс НБ на 20.11.2019 $69,8500 €77,2506

Биринчи ирет нокаутка түшкөн шотландиялык мушкер өзүнө келе албай көз жумду

Спорт
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
482
 25 жаштагы Тоуэлл өмүрүндөгү акыркы беттешин Дэйл Эванс менен өткөрүп, бешинчи раундда каттуу соккудан эс-учун жоготкон. Улуу Британиянын чемпиондугуна ат салышып жаткан шотландиялык мушкер Майк Тоуэлл беттеш учурунда нокаутка түшүп, андан ары өзүнө келе албай бул дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралу РИА Новости The Guardian басылмасына таянуу менен жазып чыкты. 25 жаштагы Тоуэлл өмүрүндөгү акыркы беттешин Дэйл Эванс менен өткөрүп, бешинчи раундда каттуу соккудан эс учун жоготкон. 
Спортчу реанимацияда 12 саат жатып, тилекке каршы, өзүнө келе алган эмес.
Майк Тоуэлл профессионалдык бокста 11 беттешти жеңип, бирөөсүндө тең чыккан.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.