Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Бильярд: Оомат россиялыктарга ооду

Спорт
14 - Август 2019
www.erkintoo.kg
76
Чолпон-Ата шаарында 8-13-август күндөрү бильярд боюнча дүйнө биринчилиги болуп өттү. ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган биринчиликте бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча жигиттер жана айымдар командалары катышты. 25 өлкөнүн өкүлдөрү күч сынашкан таймашта оомат россиялык бильярдчыларга ооду. Жигиттер арасында 20 жаштагы Семен Зайцев, кыздар арасында 17 жаштагы Элина Нагула бардык атаандаштарын жеңишип дүйнө чемпиону болушту. Сергей Зайцев финалда азербайжандык Сеймур Мамедовду, Элина Нагула россиялык жердеши Диана Миронованы жеңип алды. Кыргызстандан 25 бильярдчы катышты (17 жигит жана 5 кыз). Азиз Мадаминов жарым финалда азербайжандык Мамедовго утулуп коло байгелүү болду. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.