Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

Бүгүн “Дордой” “Алтын Асыр” менен ойнойт

Спорт
03 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
118
Бүгүн Бишкекте Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун алкагында “Д” тайпасында тандап алуу оюндары башталат. “Дордой”-“Алтын Асыр” таймашы Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы Башкы аренада кечки саат 20.00дө башталат. Бул тайпада “Дордой” менен “Алтын Асыр”, тажикстандык “Истиклол” менен “Худжанд” бар. Жалпысынан 9 тайпа бар. Эрежеге ылайык командалар өз ара ойноп чыгышкан соң тайпанын жеңүүчүсү гана кийинки айлампага жолдомо алат. 1-тур 3-апрелде башталса. 6-жыйынтыктоочу тур 26-июнда өтөт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.