Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

​Беларусь: Валерий Кичиндин дүбүртү

Спорт
05 - Август 2019
www.erkintoo.kg
25
Футболдон Кыргызстан улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин быйылкы жайкы сезондон тарта Беларустун «Динамо-Минск» клубунда ойной баштады. Кичин 3-август күнү Беларустун кубогу үчүн болгон оюнда 1/8 финалдагы «Динамо-Минск» - «Гомель» беттешинде дебют жасады. В. Кичиндин жаңы командасы 3:1 эсебинде жеңишке жетишти. Валерий гол жаратууга пас чыгарып берип жеңишке салымын кошкондугу менен айырмаланды. Айтор Кичиндин дүбүртү Беларустан угула баштады. Капитаныбызга ийгилик каалап, Европанын күчтүү командаларынын курамынан көргүбүз келет. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу