Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

​Баскетбол: Россия машыктыруучусун алмаштырды

Спорт
09 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
45
Баскетбол боюнча Россиянын айымдар курама командасы башкы машыктыруучусун алмаштырды. 2017-жылдан бери башкы команданы машыктырып келегн германиялык Олаф Ланге ийгилик жарата албады. Быйыл май айында өткөн Европа биринчилигинде Россия 8-орун менен чектелген. Андан сырткары 2 ирет олимпиадага тандап алуу оюндарынын өтөт алган жок. Ушундан улам германиялык машыктыруучу быйыл август айында кызматынан кеткен. Мындан ары россиялык айымдарды Александр Ковалев машыктырмай болду. Ал быйыл 16 жашка чейинки оюнчулар арасында россиялыктарды Европа чемпиондугуна жеткирсе, 2017-жылы 19 жашка чейинки кыздарды дүйнө чемпиондугуна алып келгендиги менен таанымал. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу