Курс НБ на 03.06.2020 $73,5222 €82,1316

​Бакуда “Челси” жеңди

Спорт
30 - Май 2019
www.erkintoo.kg
208
Европа лигасынын финалы кечээ түндө Азербайжандын борбору Баку шаарында өттү. Финалда Англиянын “Челси” жана “Арсенал” клубдары кез келди. Оюндун тагдыры 2-таймда чечилди. Удаасы менен 3 гол жараткан “Челси” жеңишти колдон чыгарган жок. Эсеп 4:1; Эми “Челси” 14-августта өтчү Европанын Суперкубогу үчүн ойнойт. Атаандашы 1-июндагы чемпиондор лигасынын финалында Мадрид шаарында өтчү “Тоттенхэм” - “Ливерпуль” таймашынын жеңүүчүсү болот. Бакудагы 70 миң орундуу “Олимпийский” стадионуна 51 370 күйөрман келди. “Челси” клубу россиялык миллиардер Роман Абрамовичке таандык. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.