
Курс НБ на 26.01.2021 $84,7911 €103,2162

Азияда 7-орунга көтөрүлдүк
Кичи футболдон март айына карата командалардын бедел-рейтинги жарыяланды. 13-марттагы futsalworldranking.be сайтынын маалыматына ылайык Кыргызстан курама командасы дүйнөлүк рейтингде 42-орунда. Азияда бир тепкичке өйдөлөп 7-орунга көтөрүлдүк. Февраль айында 43-орунда турганбыз. Азиядагы бизден өйдө турган алдыңкы 6 сапка төмөнкү командалар жайгашты: Иран, Япония, Таиланд, Өзбекстан, Австралия жана Ливан. Дүйнөлүк рейтингде алдыңкы үч сапта Бразилия, Испания, Аргентина турат. Россия 4-орунга түшүп калды. (АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек