Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

Азия биринчилигине тандоо башталды

Спорт
25 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
52
Ирандын Урмия шаарында кичи футболдон 2020-жылы Түркмөнстанда өтчү Азия биринчилигине тандап алуу оюндары 23-октябрда башталды. Мында “А” тобунда Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан жана Непал бар. “В” тобунда Иран, Кыргызстан жана Түркмөнстан ойнойт. 23-октябрь күнү турнирдин ачылышында Иран Түркмөнстанды 4:0 эсебинде утту.  Тажикстан Непалды 6:0 менен утса, Өзбекстан-Ооганстан таймашында 6:2 эсеби катталды. 24-октябрь күнү Тажикстан Ооганстанды 5:2, Өзбекстан Непалды 4:1 менен утту. Жыйынтыгында Өзбекстан менен Тажикстан 6дан упайга ээ болушуп, Азия биринчилигине жолдомо алышты. Эми бул эки команда өз ара ойношуп, кимиси 1-орун менен чыгаарын аныктоо калды. Утканы 9 упайга ээ болот. Тең чыгып калышса топтордун айырмасы эсептелет. Чечүүчү оюн бүгүн болот.
Кечээ Кыргызстан курамасы Түркмөнстан менен ойноду. Биздикилер биринчи таймдын жыйынтыгы боюнча 0:1 эсебинде утулуп жатышкан. 2-таймда 3 топ кийирип, 3:2 менен жеңип кетишти. Бүгүн кечинде Иранга каршы ойнойт. Эрежеге ылайык өз топторунда 1-2-орундарды камсыз кылгандар Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүндө ойноого жолдомо алышат. Биздин топто Түркмөнстан кандай ойногонуна карабастан биринчиликти уюштуруучу өлкө катары финалдык бөлүктө ойноочу 16 команданын катарына кирет. Иран менен Кыргызстан да ээлеген орундарына карабастан ээрчишип барып 16 командага кошулушат.
Бүгүнкү күнгө карата төмөнкү 12 команда жолдомого жетти. Алар:
- Түркмөнстан
- Иран
- Кыргызстан
- Тажикистан
- Өзбекстан
- Япония
- Кытай
- Кувейт
- Бахрейн
- Ливан
- Сауд Арабиясы
- Оман
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу