Курс НБ на 26.05.2020 $73,6468 €80,2603

Азербайжанда 2019-жылдын мыкты спортчулары тандалды

Спорт
06 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
126
Мыкты спортчуларды аныктоого, сурамжылоого Азербайжандагы 56 ЖМКнын өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында гроссмейстер Теймур Раджабов өлкөдө мыкты спортчу аталды. Ал өткөн жылы Ханты-Мансийскиде дүйнө кубогун уткан. Азербайжан шахмат федерациясынын вице-президенти Махир Мамедов мыкты спорт ишмери деп табылды. Мыкты футболчу наамына Азербайжан курама командасынын дарбазачысы, Казакстандын «Тобол» клубунда ойногон Эмил Балаев, мыкты чет өлкөлүк оюнчу-легионер наамына «Карабах» клубунун өкүлү франциялык Абдулла Зубир татыктуу болушту. Жылдын мыкты машыктыруучусу наамына Гурбан Гурбановду тандашты. (АЖ)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.