Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Азаматсың Антонина!

Спорт
05 - Август 2019
www.erkintoo.kg
19
3-августтун түнүндө алыскы Америкада өткөн UFC турниринде эрежесиз эр уруштун чебери жердешибиз Антонина Шевченко 57 кг чейинки салмакта чехиялык атаандашы Люсия Пудилованы муунтуу ыкмасына салуу менен жеңип алды. Бул Антонина Шевченконун UFC уюмунун алкагындагы 3-беттешүүсү жана 2-жеңиши. Жалпысынан эрежесиз эр уруштан 9 ирет таймашка чыгып 8ин уткан. Антонинаны жеңиши менен ага жардам берип турган сиңдиси Валентина жылуу куттуктады. Шевченко-Пудилова кармашуусу турнирдин мыкты таймашы катары таанылып Антонина кошумча 50 миңдоллар гонорарга татыктуу болду. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу