Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

«Астана» Казакстандын Суперкубогун 5-ирет жеңип алды

Спорт
02 - Март 2020
www.erkintoo.kg
172
Казакстанда быйылкы футболдук сезондун ачылышы 29-февраль күнү Костанай шаарында болуп өттү. Бул күнү өлкөнүн Суперкубогу үчүн болгон оюнда өлкө чемпиону «Астана» менен Казакстандын Кубогунун ээси «Кайсар» (Кызылорда) кез келди. Оюн 1:0 эсебинде «Астана» клубунун жеңиши менен аяктады. Былтыр 6-ирет өлкө чемпиону болууга жетишкен «Астана» Суперкубокту 5-жолу утту. Буга чейин 2011, 2015, 2018, 2019-жылдары аталган кубоктун жеңүүчүсү болгон. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.