Курс НБ на 12.07.2020 $77,8000 €87,8362

​Америкалык кыздардын рекорду

Спорт
19 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
200
Францияда айымдар футболу боюнча дүйнөлүк биринчилик 8-ирет өтүүдө. Турнирде  24 команда ойноодо. Финалдык оюн 7-июлга белгиленген. Топтук оюндардын жүрүшүндө аракеттеги дүйнө чемпиону болуп турушкан АКШ курамасы Таиланд тандалмасын 13:0 эсебинде утушуп, дүйнөлүк футболдо рекорд жаратышты. Буга чейинки ири эсептер боюнча дүйнөлүк рекорд Германияга таандык болуп келген. Алар 2007-жылы Аргентинаны 11:0 менен уткан көрсөткүчү бүгүнкү күнгө чейин сакталып келди. Америкалыктар дүйнөнүн 3, олимпиадалык оюндардын 4 жолку чемпиону болууга жетишкен. Дагы бир кызыктуу көрсөткүчтү салыштыра кетели АКШнын кыздар курама командасы бир оюнда 13 топ кийиришсе, Американын жигиттер командасы 379 күндүн ичинде атаандаштарынын дарбазасын кийирген топтору араң 13кө жеткен. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.