Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

“Алтын топ” сыйлыгынын жаңы эрежеси

Спорт
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
563
Франциялык France Football  журналы “Алтын топ” сыйлыгын ыйгаруунун эрежелерине өзгөртүү киргизилгенин кабарлады. Быйылкы жылдан тарта бул сыйлык кимге ыйгарыларын мындан ары добуш берүү аркылуу журналисттер гана аныктай турган болду. Буга чейин 23 талапкер көрсөтүлүп, ФИФАга мүчө болгон улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулар менен команданын капитандары жана журналисттер добуш берип келишкен. Мындан ары 30 талапкер тандалып журналисттер гана жеңүүчүлөрдү аныкташат.
France Football «Алтын топ» сыйлыгын 1956-жылы уюштурган,  Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 1988-жылы «Жылдын оюнчусу» сыйлыгын бере баштаган. 2010-жылдан тарта ФИФА менен француз журналы «Алтын топту» бирге тапшырууну баштаган.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.