Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Алимардон Шүкүров Түркияга аттанды

Спорт
20 - Август 2019
www.erkintoo.kg
36
Футболдон Кыргызстан улуттук курама командасынын оюнчусу, учурда “Абдыш-Ата” футболдук клубунда ойноп жаткан Алимардон Шүкүров Түркиянын 1-лигасында ойногон “Болуспор” клубунда ойноого келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстан футбол федерациясы билдирди. 19 жаштагы Шүкүров “Абдыш-Ата” футболдук клубунун тарбиялануучусу. 2017-жылы Ташкенттин “Пахтакор”, 2018-жылы Испанияда сыноодон өткөн. 18 жашында улуттук курама командага чакырылган. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу