Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

“Алгадан” алгалаган Антон Коченков

Спорт
02 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
174
Футболдон Москванын “Локомотив” клубунун намысын коргоп келе жаткан жердешибиз Антон Коченков бүгүн 32-жазын тосууда. Антон 1987-жылы 2-апрелде Фрунзе шаарында туулган. 2004-жылы Москвага аттанганга чейин ДЮСШ “Алга” клубунда ойногон. Алгач “Локомотивдин” дарбазасын коргоп, кийин бир канча клубдарда ойноп келди. 2016-жылдан бери кайрадан “Локомотив” клубунда жүрөт.  Антонду Кыргызстан курамасы үчүн ойноого чакырып келебиз. Азырынча макулдугун бере элек. Ильзат Ахметов сыяктуу Россия курамасы үчүн ойногосу келет. Бул тилеги ишке ашабы жокпу, бирок жашы өтүп баратат. Жердешибизге ийгилик каалайбыз. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.