Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Айсулуунун сиңдилерине жол бошоткула!

Спорт
19 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
582
Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өспүрүмдөр арасында өткөн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилигинде  кыргызстандык кыздар мыкты ийгилик жаратышты. 70 кг чейинки салмакта Айпери Медет кызы финалга чыгып, япониялык кызга утулуп калып 2-орунду ээледи. Мээрим Джуманазарова (56кг) менен Назира Марсбек кызы (52кг) өз салмактарында коло байгелүү болушту. Жаш кыздарыбыздын дүйнөлүк биринчиликтеги ийгиликтерин көрүп, Айсулуу Тыныбекова жалгыз эмес экендигине кубандык. “Эжесин көрүп сиңдиси өсөт” дегендей, жаш балбан кыздарыбыз эртең эле Айсулуунун жолун жолдошуп, кыргыз Туусун көкөлөтүшөт деген ишеничте ийгилик каалайбыз.
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.