Курс НБ на 18.01.2021 $84,6069 €102,1163

​Айсулуу дагы бир алтын медал тагынды

Спорт
17 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
162
Айсулуу Тыныбекова Италияда ушул күндөрү өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медал тагынды. Matteo Pellicone аталышындагы мелдеш учурда Рим шаарында өтүп жатат.  Анда Айсулуу Тыныбекова  кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Ал катары менен кытайлык жана америкалык эки балбан кызды жеңип, финалга чыкты. Ал эми алтын байге үчүн таймашта Айсулуу орусиялык Любовь Овчарованы 7:2 эсебинде утуп, алтын медал тагынды.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.