Курс НБ на 06.07.2020 $77,2200 €87,1891

​АФК Кубогу: “Дордой”-“Худжанд”

Спорт
26 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
204
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун алкагында “Д” тобунда бүгүн жыйынтыктоочу оюндар өтүп, топтун жеңүүчүсү аныкталуу менен Борбор Азиядан кийинки айлампада ким ойноору белгилүү болот. Жыйынтыктоочу 6-турда Бишкекте биздин чемпион “Дордой” Тажикстандын “Худжанд” клубун кабыл алат. Душанбе шаарында болсо “Истиклол” Түркмөнстандын “Алтын-Асыр” клубу менен ойнойт. Бүгүнкү күнгө карата “Алтын-Асыр” 9 упай менен алдыда. Тажикстандын эки клубунун тең 7ден упайлары бар. “Дордой” 4 упай менен 4-орунда. Душанбедеги оюн чечүүчү оюн катары эсептелет. “Истиклол” утса 10 упай топтойт. Түркмөндөр тең чыкса деле 10 упайга ээ болушат. Биздин “Дордой” Тажикстанда “Худжанд” клубуна утулуп кайткан. Эми өз үйүндө реванш алууга алы жетеби жокпу бүгүн көрөбүз. Оюн кечки саат 20.00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы аренада башталат. (АЖ)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.