Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

​АФК Кубогу: Биринчи оюн, биринчи жеңиш

Спорт
20 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
206
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогу үчүн тандап алуу оюндарынын алкагында Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» клубу быйыл дебют жасады. Биринчи оюнда 5-февралда Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда Түркмөнстандын «Ахал» клубун кабыл алмак. Бирок, Кытайдан тараган коронавируска шылтоолоп «Ахал» келбей калды. Жыйынтыгында турнирден биротоло четтетилди. Кечээ, 19-февралда“Нефтчи” биринчи оюндаТажикстандын вице-чемпиону «Худжанд» клубун кабыл алды. Оюн Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өттү. “Нефтчи” 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жалгыз топту украиналык легионер Александр Игнатенко кийирди. Эми 26-февралда “Нефтчи” Душанбе шаарына жооптуу оюнга аттанат. Эки оюндун жыйынтыгы боюнча жеңгени  АФКнын 2020-жылкы кубогуна «Д» тобундагы «Истиклол» (Тажикстан), «Алтын-Асыр» (Түркмөнстан) жана «Дордой» (Кыргызстан) катарына кошулуп, төртөөнүн таймашы 11-мартта башталат. Мында жеңүүчү гана кийинки айлампага чыгат. (АЖ)
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.