Курс НБ на 24.09.2019 $69,8245 €76,6533

73 жаштагы рекордчу Исаак Хайик

Спорт
08 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
135
Футболдон Израилдин 4-лигасында ойногон «Ирони Ор-Йехуда» клубунун дарбазачысы 73 жаштагы Исаак Хайик өткөн жума күнү Гиннес рекорддор китебине катталды. Анын командасы «Маккаби Рамат Ган» клубуна утулуп калды. Исаак Хайик 90 мүнөт толук ойноду. Оюн аяктаары менен ага рекордчу катары тийиштүү күбөлүк тапшырылды. Буга чейинки рекорд уругвайлык Роберто Кармонго таандык болуп келген. Ал 2015-жылы 53 жашында оюн талаасына чыккан экен. 73 жаштагы Исаак Хайик ушул аптада 74 жашка чыгат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.