Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

13 жылдан бери жеңилбей келген АКШ курамасы

Спорт
29 - Август 2019
www.erkintoo.kg
32
Баскетболдон 13 жылдан бери жеңилбес команда катары келген АКШ курамасы Австралия менен болгон жолдоштук беттешүүдө утулуп калды. Мельбурндагы оюн 98:94 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына чечилген. АКШ мында 31-август күнү Кытайда башталчу дүйнөлүк биринчиликке даярданып жаткан. АКШ курамасы соңку ирет 2006-жылы дүйнөлүк биринчиликте жарым финалда Грецияга утулган болчу (95:101). Андан кийин 2008-жылы Пекин, 2012-жылы Лондон, 2016-жылы Рио-де-Жанейро олимпиадасын, 2010 жана 2014-жылдары дүйнөлүк биринчиликтерде жеңүүчү болушту. Быйылкы биринчилик болсо 31-августта башталып 15-сентябрда жыйынтыкталат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу