Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,3240

​ Мессинин рекорду жаңыланды

Спорт
25 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
39
Чемпиондор лигасында 22-октябрда дагы бир рекорд катталды. Бельгияда жергиликтүү “Брюгге” Франциянын “Пари Сен-Жермен” клубуна ири эсепте утулду (0:5). Француздардын чабуулчусу Килиан Мбаппе бул оюнда хет-трик жасап (3 топ кийирип) өзгөчөлөндү. Анын 2-тобу чемпиондор лигасындагы жаш оюнчулар кийирген 15 топтук чектен ашкандыгы менен айырмаланат. Себеби, Мбаппе азыр 20 жашта. Буга чейин 15 топ кийирген эң жаш оюнчу катары Лионель Месси эсептелип келген. Ал 15-голун кийирген кезде 21 жашта болгон. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу