Курс НБ на 18.01.2020 $69,8300 €77,7592

​ Италия футболунун мыктылары аталды

Спорт
03 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
37
Кечээ, 2-декабрда Италиянын Милан шаарында футболдон 2018/19-жылдардын жыйынтыгы чыгарылды. Мыкты оюнчу, машыктыруучу, калыс ж.б. аныкталды. «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Италияда жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Роналду өткөн жылы 31 оюнда 21 гол кийирген. Быйылкы жылы 16 оюнда 7 гол жаратууга жетишкен. Футбол күйөрмандарына маалым болгондой кечээ Парижде «Алтын топ» сыйлыгын тапшыруу аземи да болуп өттү. Роналду бул салтанатка барган жок. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу