Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

​ Гүлжигиттин ордуна Эмир барды

Спорт
26 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
208
Футбол боюнча Кыргызстан улуттук жаштар курама командасынын мүчөсү, 18 жаштагы Эмир Шыгайбаев Беларустун жогорку лигасында ойногон «Неман» клубу менен 3 жылга келишим түздү. Былтыр бул клубда биздин Гүлжигит Алыкулов ойногонун футбол күйөрмандары жакшы билишет. Гүлжигит быйыл Алматынын «Кайрат» клубуна ойноого өттү. Эмир «Абдыш-Ата» футболдук клубунун тарбиялануучусу. Кыргызстанда «Кара-Балта» жана «Илбирс» клубдарында ойногон. Түркиянын «Антальяспор» клубунун жаштар курамында да ойноп келген. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.