
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7911 €103,2162

Азербайжан башкы машыктыруучу издейт...
Футбол боюнча Азербайжан курама командасы башкы машыктыруучу издөөнү улантууда. Мурдагы башкы бапкер Никола Юрчевич Азербайжан ЕВРО-2020 турнирине жолдомого жетпей калып кызматын тапшырган. Азербайжан азыр украиналык Роман Григорчук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Григорчук 2018-жылдан бери Казакстандын “Астана” футболдук клубун машыктырып келген. Быйыл 13-январда бул кызматынан чегинген. Азербайжан тандалмасын азырынча курама командада дарбазачыларды машыктырган Дмитрий Крамаренко баштап келүүдө. (АЖ)
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек