Курс НБ на 08.07.2020 $77,6875 €87,5150

​ АФК Кубогу: чечүүчү тур башталды

Спорт
18 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
217
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун алкагында Борбор Азиянын чемпиондору ат салышып жаткан турнирде эртең чечүүчү тур башталат. Тажикстандын чемпиону “Истиклол” дагы бир тажикстандык “Худжанд” клубуна каршы ойноого аттанат. Биздин “Дордой” Түркмөнстанда “Алтын-Асыр” менен ойнойт. Бүгүнкү күнгө карата “Истиклол” 7, “Алтын-Асыр” 6, “Худжанд” менен “Дордойдун” 4төн упайлары бар. “Дордой” жеңиш менен кайтса кийинки айлампага чыгууга жол ачылат. Анын үстүнө соңку оюнду өз талаасында 26-июнда “Худжанд” менен  өткөрөт. Бирок , “Истиклол” да соңку оюнду “Алтын-Асыр” менен өз үйүндө өткөрүү менен жыйынтыктайт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.