Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Жумагүл Эгембердиева КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз адынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды

Саясат
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
561

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  15-сентябрда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Жумагүл Эгембердиева мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз адынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков бүгүн, 15-сентябрда, Жумагүл Эгембердиеваны Жергиликтүү өз адынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жамаатына тааныштырды.

Жеңиш Разаков белгилегендей, Жумагүл Эгембердиева аталган кызматка анын иш тажрыйбасын жана республика аймактарынын көйгөйүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакындан билгендигин эске алуу менен дайындалды.

Белгилесек, Жумагүл Эгембердиева мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.