
Курс НБ на 06.12.2019 $69,8500 €77,4602

Жоокерлер эл аралык аскер оюндарына катышат
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 25 жоокер эл аралык аскер оюндарынын алкагында Тюмень шаарында өтчү "Коопсуз маршрут – 2019" сынагына катышат. Бул туурасында Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады. Иш-чара 5-августтан 12-августка чейин өтөт. Маалыматка караганда, мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери "Эдельвейс" окуу борборунда атайын машыгуудан өтүшкөн.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек